super.kg logo

Бишкекте жаңы санитардык полигон ачылды

 

Бишкекте жаңы санитардык полигон ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, учурда бул долбоордун 4 компоненти ишке ашыруу стадиясында турат:

- катуу таштандыларды чогултуу үчүн контейнерлер үчүн аянтчаларды реконструкциялоо;
- "Тазалык" муниципалдык ишканасы үчүн биллинг системасы, программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- жаңы санитардык полигонду долбоорлоо жана куруу;
- колдонуудагы тиричилик калдыктары көмүлгөн жайды жабуу жана рекультивациялоо;
- катуу калдыктарды сорттоочу завод жана жашыл таштандыларды компосттоочу тилке.

Ага ылайык, долбоордун жалпы наркы 22 миллион еврону түзөт, анын ичинен 11 миллион евро насыя жана 11 миллион евро грант.

Жаңы шаардык полигон өлкөдө биринчилерден болуп улуттук жана европалык экологиялык стандарттарга ылайык курулат.

"Көлөмү 1,9 миллион метр куб болгон таштанды полигону жакынкы он жылда Бишкекке катуу тиричилик таштандыларын коопсуз таштоого мүмкүндүк берет. Полигонду гидроизоляциялык система менен жабдып, агынды сууну (курч жыты бар булганган суюктук) кармап, тазалоого жана анын жер астындагы сууларга кирип кетүүсүнө жана аны булгап кетүүсүнө жол бербөөгө мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: