Бишкек мэри Кытайдын Гуанчжоу шаарынын делегациясын кабыл алды



Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Гуанчжоу шаарынын Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин директору Ван Яньши башында турган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты.
Жунушалиев социалдык жана маданий-гуманитардык өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле шаар куруу, транспорт жана шаар турмушунун башка тармактарында тажрыйба алмашуу жаатында өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Ошондой эле ал шаарды жашылдандыруу багытында тажрыйба алмашууда көрктөндүрүү долбоору ийгиликтүү ишке ашарына ишенерин билдирди.
Өз кезегинде Ван Яньши жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Айбек Жунушалиевди Гуанчжоу шаарына келип кетүүгө чакырды.

