super.kg logo

Кыргыз заводунун лифттери Орусияга экспорттолот

 

Кыргыз заводунун лифттери Орусияга экспорттолот. Бул тууралуу Sky Elevators лифт куруу заводунун жетекчиси Рахат Жунушбаева Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал белгилегендей, Sky Elevators лифт куруу заводу менен Орусиянын "Технопарк торгмаш" компаниясынын ортосунда лифттерди жеткирүү жана аймагында кыргыз заводунун продукциясын таркатуу жөнүндө келишимге кол койду.

"Бул келишимге кол коюу бизнести өнүктүрүүгө жана экспортту көбөйтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат", - деди Жунушбаева.

Ал ошондой эле Орусия Кыргызстандын лифт тармагы үчүн маанилүү рыноктордун бири экенин кошумчалады.

"Заводубузда атаандаштыкка жөндөмдүү лифттерди өндүрүү үчүн бардык керектүү ресурстар жана технологиялар бар", - деп жазды ал.

Өз кезегинде орусиялык компаниянын өкүлдөрү ийгиликтүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга ишеним билдиришти. Мындай кадам лифт жабдуулары рыногунда эки компаниянын позицияларын бекемдейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: