super.kg logo

"Менин милициям мени коргойт". Ошто кыргыз милициясынын күнү белгиленди

 

Б үгүн, 1-ноябрда Ошто кыргыз милициясынын кесиптик күнүнө карата салтанаттуу майрамдык иш-чара өттү. Салтанатка Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов баш болгон бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн, мыйзам чыгаруу, сот жана аткаруу бийлигинин жетекчилери катышты.

Шаар мэри ички иштер кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон салымын белгилеп, жумушунда өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди Ош шаарынын мэриясынын ардак грамотасы менен сыйлады.

Мындан сырткары, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 150 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырды.

Ал эми шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги үлгүлүү кызматы жана күжүрмөн эмгеги үчүн бир катар мыкты милиция кызматкерлерине орден жана наамдарды тапшырды.

Ошондой эле бир катар күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты. Иш-чаранын жүрүшүндө концерттик программа тартууланды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1924-жылдын 1-ноябрында кыргыз милициясы түзүлгөн. Быйылкы жылы ички иштер кызматкерлери 99 жылдык кесиптик майрамын белгилешүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: