Бейшембиге карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 2-ноябрга караган түнү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облусунун кээ бир аймактарында жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында түнкүсүн үшүк түшүп, +1…+6, күндүз +13…+18 градус,
Талас дубанында түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17 даража,
Баткен, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20га жетет.
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+12,
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +8…+13 градус болот.
Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.



