super.kg logo

Өзбекстандын президенти Палестинага жардам көрсөтүү үчүн 1,5 миллион доллар жөнөтүүнү тапшырды

 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Газа тилкесинин тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 1 миллион 500 миң доллар которуу чечимин чыгарды. Каражат БУУнун Жакынкы чыгыштагы агенттигине тапшырылат.

"Биз Палестина элине тилектеш экенибизди билдиребиз жана БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан мурда кабыл алынган резолюцияларына ылайык өз көз карандысыз мамлекетин түзүү укугун колдойбуз", - деди Мирзиёев.

Ошондой эле ал жакындарынан айрылган палестиналыктарга көңүл айтты.

Белгилей кетсек, Израиль менен Палестинанын ортосундагы согуш 7-октябрдан бери уланууда. Израил ХАМАСтын чабуулунан 1300дөн ашуун адамы өлгөнүн кабарлаган.

Ал эми Израилдин бомбалоосунан шейит болгон палестиналыктардын саны 8 525ке жетти. 21 миңден ашык адам жаракат алып, 2 миңи дайынсыз жоголду.

БУУ жана дүйнөнүн бир нече өлкөсү Израиль бийлигинин аракеттерин кескин айыптоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: