super.kg logo

"Инвестор жок". Жалал-Абаддын тургуну жаңгак арзан болуп жатканын айтты

 

Жалал-Абадда жаңгактын баасы арзан болуп жатат. Мындай билдирүүнү Жалал-Абад шаарынын тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө жөнөттү.

Анын айтканына караганда, быйыл аталган аймакта жаңгактын түшүмү мол болгон. Учурда жаңгактын 1 килограммы 25-30 сомдун тегерегинде болууда.

"Быйыл биздеги токойдо жаңгактын түшүмү мол болду. Жаңгак алчу инвесторлор жок болуп жатат. Жаңгактын былтыркыга салыштырмалуу баасы түшүп кетип сатылбай жатат. Мурдагы жылы жаңгак баасы жакшы болуп инвесторлор келип алып турчу эле", - дейт тургун.

Жергиликтүү тургун былтыр жаңгактын баасы 1 килограммы 80-100 сомдон болгонун кошумчалап өттү.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: