super.kg logo

Махачкала аэропортундагы башаламандык: Хабиб Нурмагомедов дагестандыктарды кечирүүгө чакырды

 

UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Махачкала аэропортунда болгон окуя боюнча социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өз ою менен бөлүштү.

Ал мушкер Махмуд Магомедовдун билдирүүсүн баракчасы аркылуу бөлүштү. Анда Махмуд Магомедов бийликти башаламандык жараткан жаш жигиттердин тагдырын талкалабоого чакырган.

"Телеграм каналдары аркылуу бул башаламандыкты уюштургандар жазага тартылсын. Бирок биздин жаштар эмес. Жазаны административдик жазага чейин жумшартышыңыздарды суранабыз", - деп жазган Магомедов.

Анын бул билдирүүсүнө 60 миңге жакын колдонуучу "жакты" белгисин басты.

Хабиб Нурмагомедов бул билдирүүнү бөлүшүп, "Аллах кечиримдүү жана кечирүүчүлөрдү жакшы көрөт", - деп жазды.

29-октябрда Махачкалада Тель-Авивден учуп келген учактын учуп-конуу тилкесин жергиликтүү тургундар бузуп киришкен. Алар учактан Израилдин жарандарын издешип, аэропорттогу адамдардын паспортторунан бери текшеришкен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, аэропорт жабылган. 30-октябрда аэропорт ишин улантты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: