super.kg logo

Фрунзе үй-музейинде “Санарип архив бөлмөсү” ачылды (фото)

 

Бишкектеги Фрунзе үй-музейинде "Санарип архив бөлмөсү" ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага маданият министри Алтынбек Максутов, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чжэ, Бейзаттык маданий мурастарды изилдөө борборунун директору Хам Ханки, Азия маданият борборунун директорунун орун басары Ли Жонгран катышты.

Алтынбек Максутов өз сөзүндө эки өлкөнүн өнөктөштүк долбоору аркылуу Кыргызстанда мамлекеттик музейлердин маалымат системасы аркылуу өзгөчөлөнгөн музей буюмдары, музей коллекциялары, тарыхый булактар жана баалуулуктар жөнүндө билүүгө жана музейлердин локациясы менен кеңири таанышканга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын белгилеп, бул багытта Корея менен биргеликте жасалып жаткан иш-аракеттер үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилесек, Кореянын Азия маданият борбору тарабынан эки жыл ичинде Кыргызстандын Улуттук тарых музейинде, Г.Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейине, Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборуна жана “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине техникалык жабдуулар алынып берилип, “Санарип жана архив” бөлмөлөрү ачылган.

Бул иш-аракеттер Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кореянын Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданият борборунун ортосундагы маданий ресурстарды башкаруунун санариптик системасын иштеп чыгуу жана заманбап иш алып баруу максатында ишке ашып жатат.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: