super.kg logo
  Саясат  

Ашхабадда ТИМ башчылары деңгээлинде “Борбордук Азия – Корея” форуму өттү

 

Кечээ, 1-ноябрда Ашхабадда тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде “Борбордук Азия – Корея Республикасы” 16-кызматташтык форуму өттү. Кыргыз тараптан делегацияны тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жетектеди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кабарлангандай, форумдун жүрүшүндө Борбор Азия өлкөлөрү менен Кореянын ортосундагы транспорт жана логистика, саламаттыкты сактоо, билим берүү, санариптештирүү, экология жана туризм тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Кыргызстан форумдун бардык катышуучулары менен жогоруда аталган секторлордо конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Кыргызстандын тиешелүү министрликтери жана ведомстволору Форумдун гибриддик форматтагы панелдик сессияларына катышып, анда Борбордук Азия жана Корея кесиптештери менен көп тараптуу кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө форум түзүлгөндөн бери бул платформа Борбордук Азия мамлекеттери жана Корея Республикасы ортосундагы байланыштарды мындан ары чыңдоого жана кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн эффективдүү көп тараптуу консультациялык механизм экендигин далилдегендигин белгиледи.

16-форумдун жыйынтыгы боюнча делегация башчылары биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты, ошондой эле Борбордук Азия-Корея кызматташтык форумунун катчылыгынын 2024-жылга иш планын бекитишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: