Бишкекте туура тамактануу боюнча фестиваль өтөт
2023-жылдын 4-ноябрда саат 16:00 Dordoi Plaza соода жана оюн-зоок борборунда биринчи туура тамактануу "Good food fest" фестивалы өтөт. Иш-чараны "goodfud" жаштар кыймылы Nomad Sport тобунун консультациялык колдоосу менен уюштурууда.
Фестивалга табигый азык-түлүк жана экотоварлар дүкөндөрү, пайдалуу снектердин өндүрүүчүлөрү, ошондой эле туура тамак-аш азыктарын сатуучу компаниялардын өкүлдөрү катышат.
Иш-чаранын негизги максаты – калк арасында туура тамактанууну жана активдүү жашоо образын үгүттөө.
Фестивалдын программасында атактуу дарыгер-нутрициологтор Мариям Жумаза, Зарылкан Шарабидинова, спорт нутрициологу машыктыруучу Алим Абакиров жана интегративдик нутрициолог Айгүл Хашимова туура тамактануу боюнча үзүрлүү маалымат менен бөлүшөт. Ошондой эле ден соолукка пайдалуу тамак-аш азыктарынын көргөзмөсү жана өнөктөштөр менен демөөрчүлөрдүн байгелери ойнотулат.
Фестивалдын программасын жана толук маалыматты Goodfud.kg Инстаграм баракчасынан билсениз болот.
