super.kg logo

Арзыбек Кожошев: “ЕАЭБ менен ШКУнун өнөктөштүгү Чоң Евразияда “кемчиликсиз транспорт мейкиндигин” түзүүгө мүмкүндүк берет”

 

Евразия экономикалык комиссиясынын Энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев кечээ, 1-ноябрда Ташкентте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун биринчи транспорттук форумуна катышып, анын негизги панелдик сессиясында сөз сүйлөдү.

Анда ЕЭК министри Евразия экономикалык биримдигинде транспорт саясатын ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди. Негизги жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле ЕАЭБ менен ШКУнун өз ара аракеттенүү перспективалары белгиленди.

"ЕАЭБ менен ШКУнун кызматташтыгынын контекстинде жакыныраак жана эффективдүү өз ара аракеттенүү үчүн чоң потенциал бар. Бул эгемендүүлүк жана улуттук кызыкчылыктарды сыйлоо принциптерин эске алуу менен ачык, адилеттүү негизде, Чоң Евразиянын алкагында "кемчиликсиз транспорттук мейкиндикти" акырындык менен түзүүгө мүмкүндүк берет", - деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Ал баса белгилегендей, ШКУ менен ЕАЭБдин ортосунда өз ара пайдалуу өнөктөштүк чөйрөсүн калыптандыруу бул интеграциялык бирикмелердин өлкөлөрүнүн транспорттук комплекстеринин натыйжалуулугун олуттуу жогорулатат жана укуктук жөнгө салууну шайкеш келтирүүгө өбөлгө түзөт. Бул ошондой эле аймактын өлкөлөрү менен жамааттык жаңы кызматташтык мамилелерди куруу боюнча чараларды аныктоого, инфраструктураны өнүктүрүүгө, жаңы логистикалык каттамдарды жана экономиканын өнүгүүсү үчүн ресурстардын агымын камсыз кылуучу товарларды жеткирүү чынжырларын түзүүгө жардам берет.

Форумдун алкагында Арзыбек Кожошев менен ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Сохайл Хандын жумушчу жолугушуусу болуп, анда транспорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

ЕЭК министри келечекте ШКУ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешкен министрлер жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Форумга ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорт министрлери, илимий мекемелердин жана эл аралык уюмдардын жетекчилери катышты.

Мындан тышкары, Арзыбек Кожошев бир катар башка эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: