Лионель Мессинин жубайына болгон мамилеси футбол дүйнөсүн кубантты (видео)
Аргентиналык чабуулчу Лионель Месси "Алтын топту" тапшыруу аземинде кайрадан өзгөчөлөндү. Күйөрмандар жылдыздын жубайына болгон мамилесине суктанышты.
Видеодо көрүнгөндөй, азем учурунда Месси "Алтын топту" алып, сүрөткө түшөрдө жанына жубайын чакырган. Анын мындай мамилеси көпчүлүктү кубантты.
"Чыныгы сүйүү бар", "Месси жөн гана футбол ойноп, үй-бүлөсүн сүйгүсү келет", "Бул чыныгы сүйүү" деп жазышууда интернет колдонуучулары.
Ушундай эле жагдай 2021-жылы да болгон. Анда Мессини сүрөткө тартып жаткан сүрөтчүлөр кадрдан аялынын чыгып туруусун суранышкан. Бирок Месси аялынын колунан кармап, жанынан жылдырбай койгон.
Мессинин жубайына болгон мамилеси футбол дүйнөсүн кубантты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.