Бакчадагы балдардын тамактануусу: Билим берүү министрлиги түшүндүрмө берди
Билим берүү министрлиги мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу боюнча түшүндүрмө берип өттү. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 2-ноябрда мекеменин расмий сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, ушул жылдын 11-августунда кабыл алынган “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктунда тамактанууну каржылоо булактары көрсөтүлгөн. Анда:
1) республикалык бюджеттин каражаттары;
2) жергиликтүү бюджеттин каражаттары;
3) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салган каражаттары;
4) ата энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттары;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар көрсөтүлгөн.
"Ал эми 6-пунктунда “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат” деп көрсөтүлгөн.
Ушул эле мыйзамдын 64-беренесинде мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды расмий жарыяланган күндөн тартып, бир жыл ичинде ушул мыйзамды ишке ашыруу көрсөтүлгөн. Ошондуктан “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренеси мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар кабыл алынгандан кийин ишке ашырылат" деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ өлкөдө мындан ары мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдардын тамагына акчаны ата-энелер гана төлөй турганы маалым болгон.
Финансы министрлиги бул маалыматты ырастап, үстүбүздөгү жылдын 11-августундагы “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат” деп жазылганын белгилеген.
Бирок Каржы министрлиги мектепке чейинки мекемелердеги балдарды тамактандырууга мамлекеттен каражат бөлүү кайсы айдан баштап токтой турганын так айткан эмес. Учурда балдардын тамагы 50/50 менен, жарымы ата-эненин, жарымы жергиликтүү бийликтин эсебинен каржыланып келет.
