super.kg logo

Айдоочуну өрттөн куткаруу учурунда 2 милиция кызматкери жаракат алып, бири каза болду

 

Эки милиция кызматкери унаадан чыккан өрттөн айдоочуну куткаруу учурунда күйүк алышып, бири каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 27-октябрда саат 15:30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 96-чакырымында бензовоз кулап кетип, күйүп баштаган.

Иш сапары менен жолдон өтүп бара жаткан автоунаадагы 30 жаштагы Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Орозмамат Акуналиев менен 41 жаштагы Кызыл-Кыя ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери Дилмурат Шамшиев айдоочуну өрттөн куткаруу үчүн токтоп, жардам берүү учурунда алар дагы өрттөн жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Ооруканада милиция кызматкерлеринин бири Шамшиев өрттөн көбүрөөк жабыркап, 1-ноябрь күнү каза болуп калган. Ал эми экинчи кызматкер 30 жаштагы тергөөчү Акуналиевдин абалы оор бойдон ооруканада жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.11.2023. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: