super.kg logo

MBANK Кыргызстанда биринчи болуп кыргыз аткаруучуларын колдогон MCharts музыкалык платформасын ишке киргизди

 

MBANK экосистемасында музыкалык платформа ишке киргизилди. Бул сиздин сүйүктүү тректериңизди түздөн-түз тиркемеде угууга гана эмес, сүйүктүү аткаруучуларыңызды лайк жана кайрымдуулук түрүндө колдоо көрсөтүүгө да мүмкүнчүлүк берет.

Колдоо кантип ишке ашат?

MCharts кызматынын уникалдуу өзгөчөлүгү аткаруучуга көңүл бурууга, каржылык колдоо көрсөтүүгө, анын чыгармачылыгына стимул берүүгө жана эң негизгиси музыкалык идеяларды ишке ашырууга жардам берет. 1 кайрымдуулук 1 сомду түзөт. MCharts'ка жөнөтүлгөн ар бир лайк жана ар бир кайрымдуулук аткаруучунун өнүгүүсүнө жана сизди жаңы музыка менен кубандыруусуна жардам берет.

MChartsтын негизги өзгөчөлүгү MBANK тиркемесинин колдонуучулары үчүн акысыз. Мындан тышкары, кызмат топторду төмөнкү рейтингдер боюнча бөлөт:

  • ТОП жаңы аткаруулар
  • ТОП аткаруучулар
  • ТОП угуулар
  • ТОП кайрымдуулук
  • ТОП жактыруулар

Ар бир колдонуучу өзүнүн сүйүктүү музыкасы менен плейлист тизмесин түзүүгө жана фондо жогорку сапаттагы аудио мазмунду көрө алат.

Кызматты MBANK мобилдик тиркемесинде колдонуу абдан жөнөкөй. Ал үчүн сиз болгону "Кызматтар" өтмөгүнө кирип, "Музыка" баскычын басууңуз керек.

"МБАНК кыргыз маданият өкүлдөрүнүн эмгектерине ушундай көңүл бурганына кубанычтабыз. Биз бул багытта аларды дайыма колдоого аракет кылып жатабыз жана бул аянтча аткаруучулар үчүн эң сонун демилге жана каржылык мүмкүнчүлүк болооруна ишенебиз. Бул өлкөнүн музыка тармагынын өнүгүшүнө түрткү болуп, биздин аткаруучулардын өлкө сыртында да таанымал болушуна шарт түзөт деп ойлойбуз. Ушундай аянтчаны түзүп бергениңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз”, - деп белгилейт “GMS Music” музыкалык лейблинин директору Мирлан Шамканов.

MBANK бир гана инновациялык банктык кызматтарды эмес, бүтүндөй экосистемада өз кардарларына ыңгайлуулук жана көңүл ачуу үчүн кошумча нарктуу кызматтарды көрсөтүүгө умтулат.

MBANK – алгачкы санарип!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: