super.kg logo

Алымкадыр Бейшеналиев кызамыкка чалдыккандар эмнеге көбөйүп жатканын айтты

 

Кызамык (корь) оорусуна чалдыккандардын дээрлик бардыгы эмдетүүдөн баш тарткандар. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Ал өлкөдө баласын кызамык оорусуна каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 16 миңге жеткенин айтты.

"Дары-дармек бар. Бирок тоскоолдук болуп жатат. 16 миң ата-эне баласын эмдетүүдөн баш тартты. Ооругандардын 95 пайызы жана каза болгондор да эмделбегендер. Муфтият менен чогуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бирок абдан кыйын болууда. Себеби ата-энелер балдарын эмдөөгө жөнөтпөй жатат”, - деди Бейшеналиев.

Республикалык эмдөө борборунун расмий маалыматына караганда, быйыл кызамыктан үч бала көз жумду. Оорудан көз жумгандардын эң кичинекейи бир жашта болсо, экөө 4, 13 жаштагы балдар. Көз жумган балдардын ата-энелери ага чейин эмдөөдөн баш тартып коюшкан.

Жыл башынан бери өлкө аймагында 3 289 адам кызамык оорусуна чалдыккан. Алардын басымдуу бөлүгү 4 жашка чейинки балдар жана эмдөөдөн өтпөгөн окуучулар. Бейтаптардын эң көбү Бишкекте, Ошто, Чүйдө жана Жалал-Абадда.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абадда эки мектеп ушул оорунун айынан убактылуу жабык турат. Ошондой эле Бишкекте бир менчик мектеп кызамыктан улам карантинде.

Кызамык аба аркылуу тараган өтө жугуштуу жана оор илдет. Оорудан сактануу үчүн бала тийиштүү вакцинаны бир жана алты жашка чыкканда калтырбай алышы шарт.






Жогорку Кеңеш 02.11.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.11.2023. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: