super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Астанада Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

 
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда Астана шаарына болгон иш сапарынын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Өлкө лидерлери соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык жана башка тармактарда кыргыз-түрк эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Садыр Жапаров кыргыз элинин атынан Режеп Тайып Эрдоганды жана боордош түрк элин Түркиянын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктады.
Президент эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгы активдүү өнүгүп жатканын баса белгиледи. Кыргызстан Түркия менен өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө артыкчылыктуу көңүл бурууда.
Өз кезегинде Түркиянын президенти Эрдоган эки тараптуу мамилелердин алдыга умтулган өнүгүү динамикасына канааттануусун билдирип, аларды мындан ары тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.
Тараптар соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча байланыштарды тереңдетүү үчүн жогорку саясий деңгээлдеги активдүү диалогду улантууга макулдашты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: