super.kg logo

Сокулукта бир нече жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды

 

Чүйдүн Сокулук районунда баңги кылмышына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунда бир нече жолу соттолгон жаран баңгизатты мыйзамсыз сактап жүргөндүгү жана ал баңгизаттардын туруктуу сатуу каналын түзүп алгандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө октябрь айынын аягында Бишкек шаарында жашаган Нарын облусунун тургуну 1992-жылы туулган А.уулу Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Аталган жаран мурда бир нече жолу соттолгон, кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын карманат, криминалдык чөйрөдө туруктуу байланышка жана сыйга ээ", - деп айтылат билдирүүдө.

Кармалган жаранга өздүк кароо жүргүзүү учурунда аз өлчөмдөгү баңгизат табылган. Эскпертизанын корутундусуна ылайык, ал баңгизат гашиш болуп чыккан.

Учурда тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: