super.kg logo

Баары камтылган: Beeline мобилдик телеканалдар менен жаңы тарифтерди тартуулайт

 

Алдыда узак дем алыш күндөрү, ал эми бул күнүмдүк түйшүктөн алыстап жана сүйүктүү иш-аракеттериңизге же көңүл ачууңузга убакыт бөлүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк. Эс алууңузду дагы кызыктуу жана мобилдүү кылгыңыз келеби? Beeline жаңы тарифтери менен сиз зерикпейсиз, анткени сизге укмуштуудай жаңылык тартуулайбыз: ал эң ​​мыкты оюн-зоок кызматтары жана көп телеканалдар.

Биринчи жолу «УКМУШ TV» мобилдик телеберүүсү Beeline Кыргызстан тарифтеринде пайда болду. Бул өнүмдүн жапжаңы уникалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Колдонуучуларга смартфондо да, планшетте да же компьютерде бир эле учурда үч түзүлүштөн көрүүгө мүмкүн болгон 200гө чейинки мыкты кыргыз жана чет элдик телеканалдар жеткиликтүү болот. Сиз каалаган аудитория үчүн программаларды таба аласыз жана сүйүктүү көрсөтүүңүздү өткөрүп жибербейсиз, анткени «УКМУШ TV» ар дайым колуңузда.

Beelineдан мобилдик телеканал жаңы «Супер» тарифтик линиясында жеткиликтүү. Бул тарифтердин бирине кошулуу менен сиз эч кандай кошумча чыгымсыз «УКМУШ TV» телеканалдарын көрүүдөн ырахат ала аласыз.

Мындан башка "Супердин" жаңы тарифтеринде тандоо үчүн дагы кошумча төлөмсүз кызматтар — СуперКүчтөр бар:

  • KYRGYZCHA онлайн-кинотеатры бул — чет элдик популярдуу тасмалар, сериалдар жана мультфильмдер кыргыз тилине сапаттуу которулган жаңы уникалдуу кызмат
  • PREMIER онлайн-кинотеатры — мыкты тасмалар, кызыктуу сериалдар жана популярдуу шоулору бар кинотеатр.
  • "Яндекс Плюс" кызматына жазылуу – сизге музыкалык тректердин чексиз агымына, ири кино коллекцияга, кеңири электрондук китепканага кирүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле ыңгайлуу таксиде жүрүүгө жеңилдик берет.
  • Каталогунда 100 000ден ашык тасмалар жана сериалдар бар "Иви" онлайн кинотеатрына катталуу.
  • Интернетке кошумча гигабайттар.
  • Чет мамлекеттерге барып келүү үчүн Роуминг - топтомдору

Абонент өзүнүн муктаждыгына жараша "Мой Beeline" тиркемесинде СуперКүчтөрдү туташтырып же өзгөртө алат.

Ошондой эле жаңы тарифтерге 20 ГБ интернеттен чексиз трафикке чейин, Кыргызстандын башка уюлдук операторлорунун номерлерине 30 мүнөттөн 100 мүнөткө чейинки чалуулар, түйүн ичинде чексиз чалуулар жана SMSтер, ошондой эле топтомдон тарифке ылайык Wi-Fi таркатуу үчүн 10 ГБ чейин кызмат көрсөтүүлөр кирет.

Булар менен гана чектелбестен “Супер безлимит” тарифи менен жаңы Beeline SIM-картасын сатып алууда, алгачкы үч абоненттик төлөм 850 сом эмес, 550 сомду түзөт.

"Супер" тарифтерине кошулуңуз жана кошумча төлөмдөрсүз фантастикалык мүмкүнчүлүктөрдүн бүтүндөй дүйнөсүн табыңыз!

Beeline: 25 жыл бою мүмкүнчүлүктөр жана инновациялар!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: