super.kg logo

Өлкөдө бийик тоолуу, шарты катаал айылдардын тизмеси өзгөртүлөт

 

Өлкөдөгү бийик тоолуу, шарты катаал калктуу конуштардын тизмесин кайра карап чыгуу үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төргасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеген бул комиссияга Жогорку Кеңештеги бардык фракциялардын, тиешелүү мамлекеттик мекеме-органдардын өкүлдөрү жана Улуттук илимдер академисиянын окумуштуулары кирген.

Мекемелер аралык комиссиянын отурумунда Кыргызстандын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын аймактарында жайгашкан тизмеге кирген калктуу конуштардын аталыштарын, тизмесин жана калктуу конуштарда жашаган калктын санын тактоо маселелери каралган.

"Илимий изилдөөлөргө таянып, эл аралык сунуштамаларды жана колдонмолорду жетекчиликке алуу менен, бийик тоолуу калктуу конуштарга деңиз деңгээлинен 2000 метрден жогору жайгашкан калктуу конуштарды гана киргизүү боюнча сунуш талкууга алынды. Бүгүнкү күндө бийик тоолуу калктуу конуштардын бекитилген тизменин ичинде 2000 метрден төмөн жайгашкан калктуу конуштардын саны 30 пайызды түзөрү белгилүү болуп, ошол эле учурда жогоруда аталган тизмеге кирбеген дагы бир топ калктуу конуштар аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Министрлер кабинети бул инвентаризациялоо ишинин жыйынтыгында, 1990-жылдары бекитилген тизмеге тактоо жана толуктоолорду киргизүү боюнча Жогорку Кеңешке сунуштар менен кайрылат.

"Кандай болгон күндө дагы, бардык өзгөрүүлөр этап-этабы менен жүргүзүлөт. Мурунку чектелген төлөмдөр кыскартылбашын камсыз кылышыбыз керек. Эл менен кеңешип, азыркы жаңы курулган ири жолдор, климат, аба ырайы да өзгөргөнүн жана эл аралык жана ата мекендик окумуштуулардын пикирин эске алышыбыз милдет”, - деди Байсалов.

Белгилей кетсек, азыркы мыйзамдарга ылайык бийик тоолуу, шарты катаал аймактарга жашагандарга пенсияга эрте чыгуу, айлыгына акча кошуп берүү, кошумча төлөмдөр өңдүү айрым жеңилдиктер каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: