Алмазбек Атамбаев: "Өлкөнү транспорттук көйгөйдөн алып чыгуучу долбоорлор каралууда"

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-декабрда маалымат жыйынын өткөрүүдө. Анда 2017-жылга чейинки аткарылуучу иштердин документинде өлкөнү ар тараптуу өнүктүрүү каралганын айтты. "Улуттук стратегиянын
долбоорунун алкагындагы бардык пландар 2017-жылга чейин аткарылуусун айтып
жатабыз. Өлкөнү транспорттук көйгөйлөрдөн арылтууну айтып жатабыз. 2014-жылы
жазында альтернативдик унаа жолунун курулушу башталат. Баары эле жолдун эмне
кереги бар деп жатышты. Бүгүн кыш келгенде анын пайдалуулугун көрүп жатабыз.
Түндүк-түштүк унаа жолунун курулушу боюнча каражат тармагында келишимдер
түзүлгөн. Ошону менен катар эле биз айыл жергесиндеги жолдорду оңдоону да айтып
жатабыз. Ошондой эле Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун куруу да каралып
жатат. Мындан сырткары “Манас” аэропортун оңдоону ойлоп жатабыз. Анын алкагында
аймактык ХАБды түзүү каралып жатат. Бул багытта Кытай тарабынан сунуштар
түшүүдө ",- деди ал.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

