Кыргызстан менен Тажикстан жыл соңуна чейин чек ара маселесин толук чечүүнү пландоодо
Кыргызстан Тажикстан менен мамлекеттик чек ара тилкесин делимитациялоону жыл аягына чейин бүтүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда "Жакырчылык жана теңсиздик" улуттук форумунда министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.
"Биз чек арадагы кырдаалды турукташтыруу үчүн жигердүү иштеп жатабыз. Кыргыз-өзбек чек арасындагы бардык делимитациялык процесстер аяктады. Эки өлкөнүн башчыларынын тапшырмасынын негизинде жаңы жылга чейин бардык чек арадагы маселелер чечилди деп маалымат берүүнүн үстүндө иштеп жатабыз", - деди Жапаров.
Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган.
Октябрь айында Министрлер кабинети Кыргызстан менен Тажикстан 57 чакырым тилке боюнча тил табышканын кабарлаган.
Июнь айында тажик тарап чек аранын 102 чакырымы макулдашылганын билдирген.
Ага чейин эки өлкө 980 чакырымдын 664 чакырым тилкеси боюнча талаш жоктугун ырасташкан.
Ушул тапта эки өлкөнүн атайын комиссиялары тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.



