super.kg logo

Эдил Байсалов бала бакчалардагы тамак-аш берүү маселесин саясатташтырбоого чакырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бала бакчалардагы тамак-аш берүүнү уюштуруу маселесин саясатташтырбоого чакырды. Ал мындай пикирин бүгүн, 3-ноябрда "Жакырчылык жана теңсиздик" улуттук форумунда билдирди.

Ошондой эле Эдил Байсалов бала бакчалардын имараттарын куруу үчүн жергиликтүү бийлик органдарына бир топ субсидиялар бөлүнүп, жеке ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилерин маалымдады.

"Учурда Кыргызстанда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу айыл жерин айтпаганда да, шаарларда 35 пайыздан ашпайт. Бала бакчага кирүү абдан кыйын. Адатта, бул мекемелерге социалдык байланыштары күчтүү, көбүнчө камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары кирет. Аялуу катмардагы үй-бүлөнүн балдары кабыл алынбайт. Анда эмне үчүн бүтүндөй эл бай катмардын балдарынын тамак-ашына каражат төлөшү керек? Бул социалдык адилеттүүлүк маселеси. Балдарды бала бакчага камтуу жок дегенде 75-80% деңгээлинде болсо, совет доорунан калган учурдагы саясатты улантуу маселеси көтөрүлсө болмок. Биз бүгүн социалдык жактан аялуу жана муктаж үй-бүлөрлөрдүн балдарын даректүү колдоо тууралуу сөз кылып жатабыз",- деди Байсалов.

Эске салсак, 1-ноябрда өлкөдө мындан ары мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдардын тамагына акчаны ата-энелер гана төлөй турганы маалым болгон.

Финансы министрлиги бул маалыматты ырастап, үстүбүздөгү жылдын 11-августундагы “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат” деп жазылганын белгилеген.

Бирок Каржы министрлиги мектепке чейинки мекемелердеги балдарды тамактандырууга мамлекеттен каражат бөлүү кайсы айдан баштап токтой турганын так айткан эмес. Учурда балдардын тамагы 50/50 менен, жарымы ата-эненин, жарымы жергиликтүү бийликтин эсебинен каржыланып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: