2013-жылдын 10 ай ичинде экономикага зыян келтирген 920 мыйзам бузуу иштери катталган
КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан 2013-жылдын 10 ай ичинде экономикага зыян келтирген 920 мыйзам бузуу иши катталган. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат менен камсыз кылуу бөлүмүнөн билдиришет.
Автор: Темирбек Матаев
Андагы маалыматка караганда, мыйзам бузуулардан улам мамлекетке 1 миллиард 40 миллион 364 миң сом зыян келтирилген. Аталган кызматтын кызматкерлеринин иш алпаруусунун жыйынтыгында келтирилген зыяндын 567 миллион 795 миң сому жабылган. Анын ичинен 367 миллион 798 миң сом казынанын аймактык бөлүмдөрүнөн өлкө бюджетине түшүрүлгөн. Катталган мыйзам бузуу иштери боюнча 592 кылмыш иши козголуп, 201 кылмыш иши сотко өткөрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

