super.kg logo

УКМК эскертет! Палестинадагы жихадга чакыргандар жазаланат

 

Улуттук коопсуздук комитети жарандарга кайрылып Израил менен Газа тилкесиндеги жаңжалына байланыштуу жихад жарыялоо өңдүү чагымчыл билдирүүлөрдү таратпоого чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда УКМКдан билдиришти.

Ошондой эле УКМК башка мамлекеттик аймагындагы куралдуу кагылышка катышып, террордук даярдыктан өткөндөргө мыйзам чегинде жаза каралганын эскертти.

Маалыматка ылайык, учурда интернет колдонуучулар арасында Палестинада жихад кылуу зарылчылыгы жөнүндө айрым колдонуучулардын жарыялары жана комментарийлери, чагымчыл билдирүүлөрү активдүү жайылууда. Буга байланыштуу УКМК Кыргызстандын жарандарынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга катышканы же террористтик даярдыктан өткөнү аныкталса ага кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганын эскертет.

"Эгерде адамдын куралдуу кагылышуу зоналарына катышуу ниетинин же жөнөтүлүү ниетинин белгилери бар болсо, же ага түрткөн болсо, алар Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси (мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат), жана 416-беренеси (жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга) менен кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет"- деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: