super.kg logo

Ички иштер органдарындагы 66 жетекчиге тартип жазалары берилди

 

ИИМде кызматтык милдеттерди аткарууда кетирилген кемчиликтери үчүн жетекчилерге тартип жазалары берилди. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ички иштер органдарынын 2023-жылдын 9 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү.

Коллегиянын жыйынтыгы менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн тогуз айдын жыйынтыгы менен жалпы 119 кызматкер, анын ичинен 66 жетекчи кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилди. Айрымдары мурдагы берилген жазалар менен чектелип, ишмердүүлүгү жыл жыйынтыгына арналган отурумда карала тургандыгы белгиленди.

Коллегиянын чечими ИИМ тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарылышына өзгөчө көңүл бурула тургандыгын белгиленди. Коллегиянын бардык кабыл алынган чечимдерин жана сунуштарын да турмушка ашырабыз. Кетирилген кемчиликтерди тез арада оңдоо коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин мыйзам чегинде коргоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн”, - деп баса белгиледи Улан Ниязбеков, коллегияны жыйынтыктап жатып.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: