super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке келди

 

Президент Садыр Жапаровдун 2-3-ноябрда коңшу Казакстанга болгон иш сапары аяктады.

Астана шаарында Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактардагы байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бөлүштү.

Иш сапардын экинчи күнүндө мамлекет башчысы Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын онунчу юбилейлик саммитине катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө түрк кызматташтыгын өнүктүрүүнүн максаттары жана приоритеттери жалпысынан Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясатка шайкеш келерин эске алуу менен, Кыргызстан уюмдун алкагында көп пландуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи.

Президент түрк өлкөлөрүнүн экономикалык потенциалын жогорулатуу жана туруктуу өнүгүүгө багыт алуу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнү маанилүү деп эсептейт.

ТМУга катышуучу-өлкөлөрүнүн башчыларынын саммитинин юбилейлик отурумунун жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу декларацияга жана башка документтерге кол коюлду.

Андан соң иш-чаранын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевди Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени менен сыйлоо аземи болду.

Иш сапарын аяктап, Садыр Жапаров 3-ноябрда Бишкек шаарына кайтып келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: