"Жүзүн жашырып". Израилге көчүп кеткен Алла Пугачёва Орусияга кайтып келди
Белгилүү советтик жана орусиялык ырчы Алла Пугачёва Орусияга кайтып келди. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы өз булактарына таянуу менен билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, ырчы өлкөгө 2-ноябрь күнү кечинде Псков облусундагы чек ара бекети аркылуу кирген. Ошол эле учурда ырчы жоолук менен жүзүн жашырып алган. Маалым болгондой, Пугачева кара түстөгү Camry үлгүсүндөгү унаага отуруп, токтобостон кеткен. Анын жанында Максим Галкин болгон эмес.
Буга чейин ырчы Жакынкы Чыгышта согуштук аракеттер башталгандан кийин Израилден кетип жатканы маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.