Чынтемир Аширалиевдин өмүр бою эркинен ажыратылышы: "Ошол жакта чирисин" дейт маркумдун апасы (видео)
Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту үч адамдын өлүмүнө шектүү Чынтемир Аширалиевди күнөөлүү деп таап, үч адамды атайылап өлтүргөн деп, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратты.
Соттон кийин маркумдун апасы Чынтемир Аширалиев кайра арызданывшы мүмкүн экенин айтып, ага жол бербей турганын айтты.
"Ал түрмөдөн чыкпасын, мен көзөмөлдөп турам. Жогорку Сотко арызданышы мүмкүн, мен бул өкүмдү өзгөрткөнгө жол бербейм. Менин балдарымды чириттиби, өмүр бою ошол жакта чирисин", - деди ал.
Эске салсак, ушул жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда 51 жаштагы аял (Алтынай Канзаманова) жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Чынтемир Аширалиев аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Маалым болгондой, шектүү Аширалиев кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.
Маркумдун апасы өкүм боюнча үн катты
Маркумдун апасы өкүм боюнча үн катты
