super.kg logo

Ички иштер министрлиги миңден ашык кызматкерди сыйлады

 

Кыргыз милициясы ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен, миңден ашуун кызматкер сыйланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жыйынтыгында кызматтык милдеттерин аткарууда ак ниет мамиле жасагандыгы жана ишинде жетишкен ийгиликтери үчүн ведомстволук медалдар, ардак грамоталар менен миңге жакын кызматкер сыйланды. 116 милиционерге мөөнөтүнөн мурда, 20 кызматкерге ээлеген кызмат оорду боюнча каралган атайын наамдан бир тепкичке жогору наамдардар ыйгарылды.

"Бул өздүк курамдын эмгегин жогору баалоо жана таануу, кесипкөйлүктү жана кызматтык милдеттерди аткарууга берилгендикти билдирет. Сыйлыктар алардын коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоого кошкон салымынын маанилүүлүгүн жана баалуулугун баса белгилейт", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: