super.kg logo

УКМК пара алды деп сот аткаруучуну кармады

 

Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин экономикалык иштер боюнча сот аткаруучулар кызматы бөлүмүнүн(САКБ) кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 3-ноябрда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин экономикалык иштер боюнча САКБнын кызматкери 45 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Экономикалык иштер боюнча САКБнын кызматкери Т.Н. сот аткаруучулар кызматынын кызыкчылыктарына каршы, ошондой эле материалдык пайда алуу максатында Б.И.аттуу жарандан өлкөнүн чегинен тышкары чыгуу үчүн чектөөлөрдү алып салуу маселеси оң чечилиши үчүн 45 000 сом (кырк беш миң сом) өлчөмүндө акча талап кылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда мурда белгиленген 45 000 сомдук каражат табылган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренеси боюнча айып тагылып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: