super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров зилзалага байланыштуу Непалдын президентине көңүл айтты

 

Президент Садыр Жапаров зилзаланын кесепетинен көптөгөн адам өмүрлөрү кыйылганына байланыштуу Непалдын президенти Рам Чандра Пауделге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

4-ноябрга караган түнү Непалда болуп өткөн зилзаланын кесепетинен адам өмүрлөрү кыйылгандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Непал элине, ошондой эле каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ошону менен бирге, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм. Биз мындай оор мезгилдеги орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз”, - деп айтылат телеграммада.

Эскерте кетсек, 4-ноябрга караган түнү Непалда катуу жер титирөө орун алган. Анын кесепетинен 100дөн ашык адам мерт болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: