super.kg logo
  Саясат  

Жапаров чакан ГЭС орнотуу боюнча пилоттук долбоордун ачылышына катышты (фото)

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында биринчи айланма Чүй каналында чакан ГЭС орнотуу боюнча пилоттук долбоордун ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысына 200 кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгууга мүмкүн болгон чакан ГЭСтин иши көрсөтүлдү.

«Биз энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү толугу менен колдойбуз», - деди Акылбек Жапаров.

Жумушчу сапарынын жүрүшүндө Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине, атап айтканда, Энергетика министрлигине жана Суу чарба кызматына сугат каналдарынынын курулушунун жүрүшүндө мындай гидроэнергетикалык орнотмолорду курууга техникалык шарттарды камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестиция тарткан И.Раззаков атындагы КМТУ алдындагы «КОНАС» илимий-инженердик борборуна ыраазычылык билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: