super.kg logo

Милиция: "Бишкекте авто ээнбаштык кылган айдоочулар кармалууда"

 

Авто ээнбаштык кылган айдоочулар кармалууда. Бул туурасында Чүй облустук милициясынын маалыматында айтылат.

Белгилегендей, 4-ноябрдан 5-ноябрга караган түнү Бишкек шаары менен "Манас" аэропртунун жолун жаап, BMW үлгүсүндөгү унаа менен жарышка чыгып жаткан жеринен кармалган. Унаанын айдоочусуна 15000 өлчөмүндө айып пул салынган. Ал эми унаа айып короо жайына киргизилген.

"Калган жол эрежесин бузууга аракет кылган унаалардын баары изделүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 5-ноябрь күнү эртең менен социалдык тармактарда Мамлекеттик Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын кызматкерлери айдоочуларды кармоого аракет кылып жаткан видеолор пайда болуп, ал эми көрүүчүлөр жана карап тургандар кайгуул кызматынын аракетине тоскоолдук жаратышкан. Кызматкерлер жана жергиликтүү тургундар көрүүчүлөргө мындай аракеттер кооптуу экенин түшүндүрүүгө аракет кылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: