Кыргыз балбандары Казакстанда өткөн Эл аралык мелдеште алтын медаль утушту
Эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Алмазбек Сманбеков жана Алибек Осмонов Тараз шаарында (Казакстан) өткөн Динмухамед Кунаевдин жаркын элесине арналган Эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маадыматка ылайык, 57 килограммга чейинки салмакта катышкан Алмаз Сманбеков 1-орунга татыды. Ал эми 70 килограммга чейинки салмакта Алибек Осмонов дагы финалдык беттеште казакстандык балбанды жеңип, алтын медалды багындара алды.
Белгилей кетсек, Динмухамед Кунаевдин жаркын элесине арналган Эл аралык мелдеш 3-5-ноябрь күндөрү Тараз шаарында (Казакстан) болуп өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.