Төө-Ашуудагы өрттү өчүрүүгө жардам берген экинчи милиция кызматкери көз жумду (некролог)

Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү милициянын капитаны Орозмамат Акуналиев 30 жашында өрт кырсыгына жардам берем деп мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Артында 2 уул, 1 кызы калды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Орозмамат Акуналиев 1993-жылы 12-мартта Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айылында төрөлгөн. Ал Ички иштер министрлигинин Э.Алиев атындагы академиясынын бүтүрүүчүсү, Өзгөн, Ноокат РИИБинде, Ош ОИИБде кызмат өтөп, 2021-жылдан бери Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү болуп эмгектенип келген.
SUPER KG порталынын жалпы жамааты Орозмамат Акуналиевдин үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Эске салсак, 27-октябрда саат 15:30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 96-чакырымында бензовоз кулап кетип, күйүп кеткен. Эки милиция кызматкери унаадан чыккан өрттөн айдоочуну куткаруу учурунда күйүк алышып, бири каза болгон.
