super.kg logo

Түркияда Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана ачылды 

 

Антальянын Муратпаша муниципалитетинин аймагында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакта кыргыздын чыгаан жазуучусунун атындагы китепкана ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземи Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулду. Салтанатка элчи Руслан Казакбаев, Башкы консул Рустам Кошонов, жазуучунун уулу Элдар Айтматов, Анталья облусунун губернаторунун орун басары Мустафа Хулуси Арат, Антальянын Муратпаша муниципалитетинин мэри Үмит Уйсал, “Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форуму” Эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти Динара Жумабаева, Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Анталья шаарында аккредиттелген дипломатиялык корпустун жетекчилери жана өкүлдөрү, академиялык коомчулуктун, бизнес чөйрөлөрүнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, мекендештер жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Иш-чара Кыргызстандан келген акындардын айтышы менен башталып, ардактуу коноктордун куттуктоо сөздөрү менен уланды.

Элчи Руслан Казакбаев сөз сүйлөп, бардык чогулгандарды маанилүү окуя менен куттуктады. Ал өз сөзүндө дүйнөлүк адабиятка эбегейсиз салым кошкон Чыңгыз Айтматовдун улуулугун баса белгиледи. Ал белгилегендей, китепкананын ачылышы түрк элинин жазуучуга болгон терең урмат-сыйынын бир көрүнүшү.

Ошондой эле ал китепкана маанилүү маданий борборго айланып, өз өлкөсүнө, элине берилген муунду тарбиялоого көмөктөшөт деген ишенимин билдирди.

Иш-чаранын алкагында жазуучунун реставрацияланган бюстун ачуу аземи да болду. Бюстун калыбына келтирүү долбоору Анталья шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун демилгеси менен Аланиядагы мекендешибиз Венера Кожоеванын көмөгү менен ишке ашырылган.

Анда парктын аймагында улуттук боз үй орнотулуп, конокторго кыргыздын улуттук даамдары жана суусундуктары, ошондой эле улуттук кийизден жасалган буюмдар, кийимдер жана сувенирлер тартууланды.

Башкы консул Рустам Кошонов жетектеген Кыргызстандын Антальядагы Башкы консулдугу Муратпаша райондук мэриясы менен биргеликте бир жыл бою китепкананы ачуу боюнча долбоорду ишке ашыруунун үстүндө иш алып барды.

"Элчилик жана Антальядагы Башкы консулдук бул маанилүү долбоорду ишке ашырууга салым кошкондордун бардыгына терең ыраазычылык билдирет. Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы маданий алмашуу жана өз ара түшүнүшүү борбору болуу максатын көздөйт жана ар бир адамга Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: