Бишкекте үй-жайсыздарга арналган баш калкалоочу жайлар иштей баштады




Бишкекте туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн 1-ноябрдан тарта баш калкалоочу жайлар иштей баштаганын калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындай жайлар 2024-жылдын 1-апрелине чейин иштейт.
"Туруктуу жашаган жери жок адамдарга арналган баш калкалоочу жай 12-кичи райондо Ааалы Токомбаев көчөсү, 1а дарегинде жайгашкан. Жалпы аянты 330 чарчы метр, 82 орунга ылайыкталган. Бул жерде оңдоо иштери жүргүзүлүп, үч бөлмө акталып, сырдалып, электр монтаждоо иштери жүрүп, эшик-терезелери орнотулуп, чатыры жылууланды. Мындан тышкары, айлана-тегерегин тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул жай жылытуу, борборлоштурулган жылытуу системасы аркылуу жылытып, ал эми казанды жылытуу үчүн көмүр жана отун бар", - деп айтылат билдирүүдө.
Баш калкалоочу жайда тамак-аш азыктарын сактоо үчүн эки камералуу муздаткычтар, плазмалык телевизор бар. Бардык бөлмөлөрдө аристон, кир жуугуч машина, кийим үчүн шкафтар, сенсордук электрондук плиткалар, электр чайнектер бар жана 80 кишиге төшөк жеткирилген.
Ошондой эле №8 Үй-бүлөлүк медицина борборунун, Октябрь РИИБдин социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери бекитилген.



