super.kg logo

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы мечиттин имамына автоунаа берилди

 

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Тажикстан менен чектешкен Кызыл-Бел айылынын имамы Жусупбек Кудайбердиевге унаа белек кылышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү айылдын 1985-жылы туулган тургундары акча чогултуп Nexia үлгүсүндөгү автоунаа белек катары беришти.

Биз 1985-жылы туулган айылдын тургундары, буга чейин да соопчулук үчүн кайрымдуулук иштерин уюштуруп, айыл элине колубуздан келишинче кызмат кылып келебиз. Бүгүн, имамыбыз Жусупбек Кудайбердиевдин айыл үчүн кылган эмгектерин баалап, айрыкча жаштарды ыйман жолуна чакырып, адеп-ахлакка үндөп келгендигине ыраазычылык катары автоунаа белек кылууну чечтик”, — деп билдиришти имамдын достору.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: