Өлкөдөгү айылдарды ирилештирүү долбоорлору талкууланды




Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында административдик-аймактык реформа маселелери талкууланды. Анда президенттин облустардагы өкүлдөрү айыл-кыштактарды ирилештирүү долбоорлору менен тааныштырды.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, бул реформага байланыштуу тиешелүү мекеме-органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жер-жерлерде жумушчу комиссиялар түзүлгөн.
"Айыл аймактарын ирилештирүү долбоорлорун жергиликтүү тургундар талкуулады жана айылдык кеңештердин депутаттарынын кароосунан өттү. Долбоорлор тааныштырылгандан кийин өкмөт башчысы жактырды, ошол эле учурда сын-пикирлер жана толуктоолор да айтылды. Жакынкы убакта административдик-аймактык реформаны пилоттук режимде 2024-жылы 1-апрелге чейин ишке ашыруу тууралуу президенттин жарлыгын чыгаруу каралып жатат", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле 2024-жылдын 1-июнуна чейин "Административдик-аймактык түзүлүш жөнүндө" мыйзам долбоору даярдалып Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилетри кошумчаланды.

