Өлкө аймагында бир жумада 264 мас айдоочу кармалды

Өлкө аймагында 30-октябрдан 5-ноябрга чейинки аралыкта 18 миң 711 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 262;
- мас абалында рулга отуруу — 264;
- автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 42;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 922;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 2 781;
- автоээнбаштык — 4;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 955;
- жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 3;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 733;
Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 541 автоунаа айып короосуна киргизилген.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.