super.kg logo

Кара-Балтанын тургундарын опузалап акчасын тартып алып, Орусияга качып кеткен жаран кармалды

 
Жайыл районунун жашоочуларынан опузалап ири өлчөмдө акча алганга шектүү адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Чүй облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-январында 1986-жылы туулган К.Б. аттуу жаран милицияга арыз жазган. Жабырлануучу 1989-жылы туулган С.Ж. аттуу жаран Кара-Балта шаарында андан 250 миң сомун опузалап коркутуп алганын билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен кылмыш иши козголгон.
Мындан тышкары ушундай эле арыз менен 1985-жылы туулган М.И. аттуу адам да милицияга кайрылып, С.Ж. өткөн жылдын сентябрь айында Кара-Балта шаарында аны коркутуп 100 миң сомун алып койгонун билдирген. М.И. буга чейин да ал 210 миң сомун алганын айтып, жалпысынан 310 миң сом зыянга учураганын белгилеген.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү С. Ж. жогорудагы кылмыштарды жасагандан кийин өлкөдөн чыгып кеткендиги аныкталган. Ага сыртынан айып тагылып, сот тарабынан №1 СИЗОго камакка алуу чечими чыккан жана издөө жарыяланган.
27-октябрда ал Орусиянын аймагынан кармалып, Бишкектеги №1 СИЗОго экстрадицияланды.
ИИМдин маалыматтары боюнча, шектүү кылмыштуу чөйрө жана анын идеяларын жактаган адам катары каттоодо турат.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: