Бишкекте туура тамактануу боюнча «Good food fest» фестивалы болуп өттү
Бишкекте 4-ноябрда Dordoi Plaza соода жана оюн-зоок борборунда биринчи жолу туура тамактануу боюнча "Good food fest" фестивалы болуп өттү. Ага миңден ашык адам катышты. Иш-чара "Good Food" жаштар кыймылы жана Nomad Sport тобунун консультациялык колдоосу менен уюштурулду.
Фестивалда табигый азык-түлүк жана экотовар дүкөндөрү, пайдалуу снэк өндүрүүчүлөр, ошондой эле спорттук тамактануу дистрибьюторлорунун өкүлдөрү өз өнүмдөрүн көрсөтүштү.
Эл аралык уюмдардын изилдөөлөрүнө ылайык, акыркы жылдары Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр системасы, кант диабети жана башка өнөкөт оорулары бар адамдардын саны көбөйгөнү байкалууда. Иш-чаранын башында фестивалдын демилгечиси жана "Good Food" жаштар кыймылынын жетекчиси Айхан Жумашүкүров көптөгөн оорулардын алдын алууда туура тамактануу жана активдүү жашоо образынын маанилүүлүгүн белгиледи.
Фестивалда белгилүү врач-нутрициологдор – Жумаза Мариям туура тамактануунун лайфхактары жөнүндө, Зарылкан Шарабидинова эртең менен тамактануудагы каталар жөнүндө, спорт нутрициолог Алим Абакиров спортчулардын 3 түрү жана алардын тамактануусунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө жана интегративдик нутрициолог Айгүл Хашимова суу боюнча сөз сүйлөштү. Фестивалга келгендер жергиликтүү компаниялар сунуш кылган ден-соолукка пайдалуу тамак-аш азыктары көргөзмөсү менен таанышып, даам тата алышты. Иш-чаранын жүрүшүндө фестивалдын өнөктөштөрүнөн жана демөөрчүлөрүнөн белектер ойнотулду.
Иш-чаранын негизги максаты калк арасында сергек тамактанууну жайылтуу жана активдүү жашоо образын сактоо болду. Фестиваль жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чарага айланып, келечекте спорттук иш-чаралар менен коштолору пландалууда.
06.11.23

