super.kg logo

Ысык-Көлдүн түбүнөн 90дон ашык балык уулоочу тор алынды

 

Ысык-Көлдүн түбүнөн 90дон ашык балык уулоочу торлор алынды. Облустук ички иштер башкармалыгы 19-октябрдан бери браконьерликке каршы күрөшүү боюнча рейд жүрүп жатканын билдирди. Бул учур балыктардын урук чачуу мезгили болуп саналат.

Маалыматка ылайык, балык запастарын коргоо боюнча рейддик иш-чаралар Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин региондор аралык башкармалыгы, Ысык-Көл облусу боюнча ӨКМдин башкармалыгы жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан өтүүдө.

Ошондой эле облустук милиция 19-октябрдан бери браконьерликке каршы күрөшүү боюнча рейд жүрүп жатканын билдирди.

Бул аракеттердин алкагында көлдүн жээгиндеги тилкелерде милициянын посттору коюлуп, милициянын көчмө топторунун күзөт иштери уюштурулган.

Ал эми 3-4-ноябрда Ысык-Көл ОИИБинин туристтик-экологиялык милициясы мыйзамсыз балык уулаган үч адамды кармаган. Алардын жанынан түрдүү 115 балык, моторлуу эки кайык жана жети тор табылып алынган.

"Бардык аныкталган фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Жарандардан айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасап, аймактын экологиялык маданиятын калыптандырууга салым кошууну суранабыз. Браконьерлик — биздин замандын негизги көйгөйү", — деп билдиришти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: