super.kg logo

Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси жана Башкы консулу экинчи Эл аралык фестивалга катышты

 

3-5-ноябрь күндөрү Анталья шаарынын мэриясынын чакыруусу менен Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев жана Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулу Рустам Кошонов "Yörük Türkmen Kültür Festivali" Экинчи Эл аралык фестивалына катышышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, фестивалдын жүрүшүндө зыяратчыларга ар кайсы өлкөлөрдөн келген спектаклдер менен кызыктуу концерттик программа тартууланды. Кыргызстандын атынан Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын окуучулары, Кыргыз улуттук театрынын артисттери катышты.

"Фестивалда 100дөн ашык боз үй тигилип, келген коноктор ар улуттун маданияты менен жакындан таанышып, улуттук тамак-аштарынан даам татууга мүмкүнчүлүк алышты. Кыргыз боз үйүнүн кооздугун жана анын ички жасалгасын көптөгөн коноктордон тышкары Анталья облусунун губернатору Хулуси Шахин, ошондой эле Анталья шаарынын мэри Мухиттин Бочек белгилешти. Ардактуу коноктор мекендештерибиз тарабынан даярдалган улуттук даамдардан жана суусундуктардан даам татышты", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми иш-чаранын максаты түрк элдеринин маданиятын түшүнүү жана сактоо жана келечек муундарга жеткирүү болгон. Фестивалга 25тен ашык өлкөдөн, 25 райондук муниципалитеттен жана 80 ассоциациядан өкүлдөр катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: