super.kg logo

Республикалык айтыш: Тандоо турунан 16 төкмө акын өттү

 

Бүгүн, 6-ноябрда улуттук тарых музейинде “Саймалуу-Таш санаты” аталышындагы төкмө акындардын республикалык айтышынын тандоо туруна жалпысынан 34 акын катышып, калыстардын чечими менен 16 акын тандалып алынды. Бул тууралуу Кыргыз улуттук “Манас” театрынан билдиришти.

Тандоо турунан өткөн акындардын тизмеси:

1. Амантай Кутманалиев – 70 упай;

2. Азамат Болгонбаев 70 упай;

3. Акматбек Султан уулу 70 упай ;

4. Арген Биймырза уулу 70 упай;

5. Тынчтыкбек Эсенбай уулу 70 упай ;

6. Темирбек Матыбаев 70 упай;

7. Элмирбек Иманалиев 70 упай;

8. Шайлообек Отунчиев 70 упай;

9. Жибек Сапар кызы 70 упай;

10. Жамайка Токонова 69 упай;

11. Тынарбек Бураев 69 упай ;

12. Асылбек Маратов 69 упай;

13. Баян Акматов 69 упай ;

14. Турат Жумаев 69 упай ;

15. Абдылда Нуралиев 68 упай;

16. Максат Кулуев 68 упай.

Топтон суурулуп чыгып, атаандаштарынан өтүп артыкчылык көрсөткөн 16 төкмө акындын финалдык этаптардагы бүйүр кызыткан айтышы, 18-ноябрда Тогуз-Торо райондук А. Сыдыков атындагы маданият үйүндө саат 18:00дө орун алат.

Эске сала кетсек, бул саамалык ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү максатында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргыз улуттук «Манас» театры тарабынан уюштурулууп жатат. Айтыштын жалпы байге фонду 1 миллион сом.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: