super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Германияга иш сапары менен барат

 

8-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, сапардын алкагында Гамбург шаарында Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин экинчи отуруму жана “Кыргызстандын экономика күнү” бизнес-форуму өтөт.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушуулар да болот.

Белгилей кетсек, жогорудагы иш-чаралар эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөдө маанилүү этап болот. Германия республиканын стратегиялык өнөктөшү болуп саналат.

Бул иш-чараларга Кыргызстан жана Германия бизнес-коомчулугунун 200гө жакын өкүлдөрү катышат.

Кыргыз-Герман Ишкерлер кеңешинин экинчи отурумунда квалификациялуу адистерди даярдоо, IT тармагындагы кызматташуу сыяктуу темаларда панелдик талкуулар өтөт. Бизнес-форумдун алкагында эки өлкөнүн ортосунда энергиянын кайра жаралуучу булактары, өнөр жай, логистика, соода сыяктуу тармактарда кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланат. Мындан тышкары, германиялык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктуу бизнес долбоорлору сунушталат.

Ошондой эле кыргызстандык товарлардын көргөзмөсү тартууланат.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча келишимдерге кол коюлат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: