Кыргыз эл артисти Зинаида Петренко дүйнө салды

Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады.
Бүгүн, 6-ноябрда Кыргыз Республикасынын эл артисти Петренко Зинаида Михайловна 73 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.
Зинаида Михайловна Петренко 1951-жылы 7-февралда туулган. Ал Уфада билим алган. Кыргызстандан Орск шаарынан келген.
1975-жылдан Орус драма театрына ишке кирип, ал дээрлик элүү жыл бою орус театрында кызмат кылган.
Кыргыз улуттук театрын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ийгиликтүү чыгармачылык жана педагогикалык ишмердүүлүгү үчүн «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти», «Кыргыз Республикасынын эл артисти» мамлекеттик сыйлыктарына татыган.
Актриса өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин мыкты актриса, режиссёр жана чыгармачыл насаатчы катары чыгармачылыгын уланткан.
5-ноябрда Зинаида Михайловна Петренко "Бальзаминовдун үйлөнүүсү" кайрымдуулук спектаклинде акыркы ролун ойногон.
Маркум менен коштошуу зыйнаты Ч.Айтматов атындагы орус драма театрында өтөт. Күнү жана убактысы тууралуу кошумча маалымат берилет
