super.kg logo

Түштүк Кореяда илинген Кыргызстандын желеги талкууга түштү (видео)

 

Түштүк Корея университетинде Кыргызстандын туура эмес желеги илинип, талкууга түштү. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Өз кезегинде Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова социалдык түйүндөрдө жарыяланган желек тууралуу маалымат пайда болгондон кийин түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди. Желек Сеулда эмес, Теджон шаарындагы Ханбат улуттук университетинде илингени аныкталган.

"Оперативдүү түрдө текшерүү иштерин жүргүзүп желектин Сеул эмес, Тэджон шаарындагы Hanbat National University тарабынан тагылганы аныкталды. Элчилик университет менен ыкчам түрдө байланышып, илинген желек Кыргыз Республикасынын расмий бекитилген желегине дал келбей турганын университеттин жетекчилигине маалымдап, эмне үчүн бул туура эмес жасалган желек илингенин түшүндүрүп берүүсүн суранды. Университеттин жетекчилигинин айтымында, алар желекти жергиликтүү фирмадан заказ кылып, бирок туура эмес жасалып калганын билбей калгандыгын билдиришти. Макулдашылбаган иш-аракеттер үчүн университеттин жетекчилиги кечирим сурашты.

Өз кезегинде элчилик университет менен тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул желекти тез арада алып салууну жана мындан ары Кыргыз Республикасы менен байланышкан бардык иш-чараларды Кыргыз Республикасынын элчилиги менен макулдашуусу зарыл экендигин билдирди. Университеттен кечирим каты да келип калды", - деп жазды ал.






Түштүк Кореяда Кыргызстандын туура эмес желеги илинди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: